YENİ FİKİR HABER

МАССАЛЫК ТҮРДӨ КӨЧҮП БАРГАН ӨЛКӨЛӨРДӨ КӨЧМӨНДӨРДҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТУРМУШКА САЛЫМДАРЫН АРТТЫРУУЧУ КӨЧМӨН ШААРЛАРЫ ПРОЕКТИ

03-10-2017

МАССАЛЫК ТҮРДӨ  КӨЧҮП БАРГАН ӨЛКӨЛӨРДӨ КӨЧМӨНДӨРДҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТУРМУШКА САЛЫМДАРЫН     АРТТЫРУУЧУ КӨЧМӨН ШААРЛАРЫ ПРОЕКТИ

МАССАЛЫК ТҮРДӨ  КӨЧҮП БАРГАН ӨЛКӨЛӨРДӨ КӨЧМӨНДӨРДҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ТУРМУШКА САЛЫМДАРЫН     АРТТЫРУУЧУ КӨЧМӨН ШААРЛАРЫ ПРОЕКТИ

            Миграция бир адамдын же бир топ адамдын эл аралык бир чек арадан өтүшү же бир өлкө чеги ичинде бир жерден башка бир жерге жер которуусу болуп саналат.Миграция адам баласынын жаралышынан баштап бүгүнкү күнгө чейин болуп келет жана адамдарга бир топ факторлор менен таасирин тийгизген социалдык бир түшүнүк.(Bayraktar.2014)

Адамдардын жер которуулары,тарых боюнча ар түрдүү эмгектердин темасы болуп,мамлекеттин саясаты жана саясий бийлик тарабынан,академиктер тарабынан чечим жолдору изилденген.Бирок эффективдүү бир чечим табылган эмес.Эң байыркы доорлордон заманбап доорлорго чейин чынында миграциянын себептери өзгөргөн жок.Качкындардын  агымынын эң маанилүү себептери ички кагылыш жана зордук режимдери болуп саналат.

Жыл сайын жер которгон өлкөлөрдүн  саны өсүп жатат.Өзгөчө акыркы жылдарда Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө болуп өткөн согуштардын айынан бир топ адам көчүп кетүүгө мажбур болуп,жыйынтыгында өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр калың бир көч кыймылдарына карата олуттуу проблемалар менен каршылашышты.2011-жылдын 15-мартында Сирияда башталган ички кагылышуулардын айынан бир топ адам коопсуз бир аймак издеп массалык түрдө жер которууга мажбур болушкан.Бул миграция окуяларында көптөгөн адамдар өлүп көптөгөн адамдар ар түрдүү уюмдардын кызыкчылыктары үчүн курал болушкан.Бул көч кыймылдарына мүдөө болгон өлкөлөрдүн политикалары жана маселеге жакындашуу тарздары маселенин дагы да чоңойушуна себеп болгон.

Көч кыймылдарында баш паанек берген өлкөлөр тарабынан дагы башында коопсуздук риски сыяктуу бир топ маселе жаралып,өлкөлөр бул маселелерге чечим жолу табууга кыйналышкан.Бул себептен бир топ өлкө качкындарды кабыл кылууну каалабай,өтө аз санда качкындарды кабыл алган.Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр,жолугуушуулар жыйынтык берген эмес,ишке ашырыла алынбаган проблемалар барган сайын көбөйгөн.Өлкөбүз бул инсандык драмага кош көнүл калбай качкындарга эшиктерин ачып,эң көп качкынга баш панек берген жана көптөгөн башка өлкөлөрдөн жакшыраак шарттарда баш калкалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган.Бирок маселеге бир чечимдин табылбашы качкындардын санынын аябай көп болушу бир топ проблемаларга себеп болгон.

КӨЧМӨН ШААРЫ

            Маселеге чечим катары сунушталган көчмөн шаары проекти көбүрөөк масштабдуу көч кыймылдарына багытталган бир проект.Бул проекттин максаты Сирия кризиси сыяктуу окуяларда калың көч алган өлкөлөрдө качкындар тарабынан дагы баш панек берген өлкөлөр тарабынан дагы жаралган маселелерди эң аз деңгээлге түшүрүү болуп саналат.

Көчмөн шаары - атайын качкындарга курулган,бир шаардын бардык элементтерин минималдуу  өзүнө камтыган жана өзүнчө бир экономиканы түзгөн бир шаар.

Шаардын курулушу:Көчмөн шаарынын чек арага жакын бир жерде курулушу контрольдун камсыз кылынуусу жагынан маанилүү.Курулуш жеринин белгилениши  көптөгөн факторго карата өзгөрүшү мүмкүн.Колдонулбаган жараксыз жерлерге артыкчылык берилүүсү же бир эмгекке багытталган секторго же чийки затттарга жакындык сыяктуу себептер,бул факторлордун кээ бирлери болуп саналат.

Жер белгилөө этабындан кийин башталгыч шаар  консептинде шаардын бардык элементтери менен курулушу башталат.Турак-жайлардын салынуусунда нарктын элементтерине карата турак-жай салуу материалдары дагы өзгөрушү мүмкүн.

Алгачкы этапта конуштардын саны ченемдүү бир көлөмдө белгиленип кийнчерээк муктаждыкка жараша көбөйтүлсө болот.Бир шаарда болушу керек болгон мектеп,больница,ыбадаткана сыяктуу курулуштардын баары белгилүү бир муктаждыка жооп бере турган абалда курулушу керек.

Шаардын курулушу маанилүү бир каражаттарды керектирсе дагы бир топ маселеге чечим болушу жана алдыда камсыз кыла турган авантаждары көңүлгө алынса,бул наркты кабыл кылуу мүмкүн.

Шаарга жайгашуу:Белгилүү бир санда конуш салынгандан  кийин качкындар бул шаарларга жайгаштырылат.Муктаждыкка жараша конуштардын  санын көбөйтсө болот.Качкындар чек арадан ичкериге киргизилгенде бир гана бул  шаарга контролдуу бир түрдө жайгаштырылат,өлкө ичинде башка бир жерге барууларына уруксат берилбейт.

Качкындар шаарга киргизилип жатканда бул адамдардын маалыматтары да алынып катталат.Бул маалыматтар бааланып адамдардын жөндөмдөрүнө,билим деңгээлине жараша,кесибине жараша шаарда курулган оорукана,мектеп,коопсуздук сыяктуу курулуштарга дайындалат.

Өлкөлөрүндөн көчүп келген адамдардын арасында белгилүү деңгээлде  билими болгон,бир нече тармакта адис,кесип ээси жана колунда бар адамдар бар.Мындай адамдар бул шаарда бааланып кесип ээси болгон кишилерге кесиптерин аткарууну улантуучу мүмкүнчүлүктөр сунулушу керек.Шаардагы адамдардын муктаждыктары бул адамдардын жардамы менен камсыздалууга аракет кылынышы керек.Шаардагы адамдардын муктаждыгы болгон дүкөн,кол өнөрчү,банк сыктуу жайлар бул адамдар аркылуу ишке ашырылышы керек.Ушундай кылсак баш панек берген өлкөлөрдүн дагы чыгымдары жана жумушчу күчү дагы азаят.

Шаардагы тартип:Бул шаардын конролу баш панек берген өлкө тарабынан камсыздалат.Шаарда муктаж болгон акимчилик иш аракеттери,коопсуздук бөлүмдөрү сыяктуу мекемелер курулушу керек,бул мекемелердин контролу баш панек берген өлкөдө болушу керек ,бирок жумушчу күчү качкындар арасынан белгилүү критерийлерге карата тандалган адамдар тарабынан камсыздалышы керек.

Бир акимчиликтин шаарда курган инфраструктурасы,айлана-чөйрөнүнүн тазалыгы,социалдык иш чаралар сыяктуу жалпы иш аракеттери бул шаардагы адамдардын минималдык муктаждыктарын кетирүүсү түрүндө жүргүзүлүшү керек.Шаардагы адамдардын муктаждыктарын эң жакшы деңгээлде түшүнгөн жана бул муктаждыктарга жооп бере тургандар дагы булар.Бул себептен башкаруучулар жана контроль баш панек берген өлкөдө болот,ал эми иш аракеттерди жүзөгө ашыруучу качкындар арасынан тандалып алынган адамдар болот.Шаардагы минимум түрдө бардык мекемелер курулуп иш аракеттерин жүзөгө ашыруусу керек.

Шаардагы экономикалык турмуш: Келген качкындардын арасында экономикалык абалы жакшы болгон,белгилүү өлчөмдө байлыгы болгон адамдар да бар.Баш панек берген өлкө бул адамдар менен келишим түзүп,бул кишилердин акчаларын жүгүртүүгө банк,ишкана курууларына шаардын муктаж болгон иш орундарын да түзүүгө да мүмкүнчүлүк жаратса болот.

Баш панек берген өлкө көчмөндөрдүн шаарында же жакын бир жерде квалификациясыз бир жумушчу күчү керектирген эмгекке багытталган бир сектор түзүп бул шаардагы  качкындарды дагы иш менен камсыз кылса болот.Мисалы өлкөбүздө бул шаар түштүк-чыгышта бир жерде курулду дейли,ал аймакта өстүрүлгөн пахтаны иштетүүчү бир текстиль фабрикасы менен бир топ адам  жумушка алынып,иш алып барса болот.Бул белгилүү бир эмгек акы саясаты менен баш панек берген өлкө үчүн дагы качкындар үчүн дагы өтө пайдалуу болот.

Проекттин пайдалары

Коопсуздук:Качкындардын маселесинде эң маанилүү проблема коопсуздук.Бул себептен көптөгөн өлкөлөр качкындарды кабыл кылышпай жатышат,өзгөчө Европа өлкөлөрүн бул маселе тынчсыздантып жатат.Бул проектте качкындар бир гана контролдуу түрдө бул шаарга алынат жана өлкө ичинде башка жерге барууларына тыюу салынат.Шаарга жайгашкан качкындардын маалыматтары каттоого алынып,белгилүү мөөнөттөн кийин коопсуздук жагынан жетиштүү критерийлерге ылайык деп табылган кишилердин өлкө ичинде башка бир жерге баруусуна уруксат берилет.Ушундай жол менен өлкө ичинде террор иш аракетин жүзөгө ашыруучу бир кишинин качкын кейпинде өлкөгө кирүүсүнүн алды алынат.Мисалы бир тирүү бомба курманы качкын сыяктуу чек арадан өтүп өлкөнүн ар кайсы бир жерине бара албайт жана качкындардын ичинде террор иш аракетин жүзөгө ашыруусунун эч кандай мааниси жок болот.Чек арадан кабыл алууда бул контролдун камсыздалышы өтө кыйын жана көп убакыт алгандыктан көчмөн шаарында белгилүү бир убакытка созулганы ыңгайлуу болот.

Этникалык кимдик(күбөлүк):качкындар көчүп барган өлкөлөрүндөгү адамдар менен бирдей динден,улутан болбошу мүмкүн,ошол себептен бул адамдардын үрп адаттары,маданияттары да аябай башкача болушу мүмкүн.Бул абал баш панек  берген өлкө инсандары тарабынан дагы качкындар тарабынан дагы кээ бир проблемаларга себеп болуп жатат.Кээ бир өлкөлөр тарабынан качкындар аябай катуу четтелип жатат.Көчмөн шаарында адамдар чоң өлчөмдө орток өзгөчөлүктөргө ээ болушат жана шаардагы калк менен шаардагы мекемелерде иш жүргүзгөн адамдардын көбү бири бирин түшүнгөн адамдар болушат.Ошентип качкындар дагы ал өлкөдөгүдөй чогуу жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат ,баш панек берген өлкөнүн адамдары дагы качкындар менен ырк келишүү проблемаларын жашабайт.

Экономикалык турмуш:массалык көч кыймылдарында бул миграцияга кабылган баш паанек берген өлкөлөр тарабынан баш калкалоого кеткен каражаттар дагы аябай чоң суммаларга барышы мүмкүн жана бул өлкө экономикасын оор абалга алып келиши мүмкүн.Өзгөчө Сирия  маселеси сыяктуу чечилиши көп убакытка созулган  окуяларда аябай көп өлчөмдөргө жетиши мүмкүн.Проект да алгач  чыгашасы көптөй көрүнсө дагы кийинчерээк баш паанек берген өлкө бул шаарда экономикалык бир түзүлүштү курууну камсыздоосу менен өлкө экономикасына жүгү бара бара азаят.Көч окуяларында көчмөн шаары проекти баш калкалоо чыгымдарынын азайышына мүмкүнчүлүк берет.

Социалдык турмуш:миграция социалдык турмушка аябай таасирин тийгизген бир окуя болуп саналат.Керек болсо жер которууга мажбур болгон адамдар керек болсо көч кыймылдарына кабылган өлкө адамдары тарабынан социалдык жашоого маанилүү өлчөмдө таасирин тийгизип жатат.Көчмөндөрдүн шаарында адамдар мүмкүнчүлүктөрдун ичинде белгилүү өлчөмдө иш мүмкүнчүлүгү  табып,башкалардын жардамына азыраак муктаждык сезишет.Ошол себептен бул адамдар тилемчилик кылуу,ар түрдүү уюмдардын кызыкчылыктарына курал болуу жана балдардын жашоосун улантуу үчүн өлүм рискини алуу сыяктуу аракеттерди жасашпайт.Өзгөчө бул шаарда өз маданияттарын жашоо,социалдык-маданияттык иш аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат жана бул абал адамдардын  маанайын жогору кармап турат.Өлкө ичине жайылбаган качкындар баш паанек берген өлкөнүн эмгек рыногуна,айлана чөйрө тартибине жана социалдык жашоосуна таасир тийгизбеген болот.

Илимий эмгек:Көчмөн шаарынын ийгиликтүү курулушу менен бул жерде өз алдынча бир экономика пайда болот.Экономика теориясындагы  башка өзгөрмөлөрдүн туруктуу калышы шарты менен деген гипотеза бул экономикада гипотеза болуудан чыгат.Бул шаарда көптөгөн факторлор контролдоно алынуучу тузүлүштө болгондуктан илимий эмгектердин,экономикалык эмгектердин дагы да жакшы жыйынтык берүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Шаардын курулушу,тартиптин орнотулушу жана иш аракеттердин жүргүзүлүшү өтө көп чыгымдуу жана  оор көрүнсө дагы баш паанек берген өлкө тарабынан бул режим орногондо экономиканын жанданышы менен чыгашалар  азайып ,өзгөчө туруктуулук камсыз болот.Өзгөчө өлкөбүздө чатырдан курулган шаарларда сарпталган каражаттардын көлөмү,туруктуулук жана эң биринчи коопсуздук болуп көптөгөн маселеге чечим болушу сыяктуу факторлор көңүлгө алынганда өтө авантаждуу болоору көрүнүп турат.

 

 

 

Булактар

 

Başol, K. (1995). Demografi. Anadolu Matbaası.

Bayraktar, Z. (2014). Geleneğin Aktarımında ve Yaşatılmasında Göçmen Sivil Toplum Kuruluşlarının Rolü: İzmir Bosna Sancak Kültür ve Yardımlaşma Derneği Örneği. TÜRÜK Dil, Edebiyat ve Halkbilimi Araştırmaları Dergisi.

Buz, S. (2008). Türkiye Sığınma Sisteminin Sosyal Boyutu. . TBB Dergisi., 130.

Çavuşoğlu, H. (2006). Makedonya'dan Türkiye'ye 1952-67 'Kitlesel' Göçü ve Bursa'daki Göçmen Kesimi. . Karam Araştırma ve Yayıncılık.

Çolak, F. (2013). Bulgaristan Türklerinin Türkiye’ye Göç Hareketi (1950-1951). . Tarih Okulu Dergisi.

Danış, A. (2004). Yeni Göç Hareketleri ve Türkiye. Birikim Dergisi, 215-224.

Gitmez, A. (1983). Yurt Dışına İşci Göçü ve Geri Dönüşler Beklentiler... Gerçekleşenler. İstanbul: Alan Yayıncılık.

Güleç, Ç. (2015). Avrupa Birliği’nin Göç Politikaları ve Türkiye’ye Yansımaları. Tesam Akademi Dergisi.

Karataş, A. (2014). Toplumda Çevre Bilincinin Yaygınlaştırılmasında Sivil Toplum Kuruluşlarının Rolü: Türkiye Örneği. Turkish Studies. .

Lordoğlu, K. (2008). Türkiye Turizminde Göçmenler ve Çalışma Sorunları. Ulusal Çalışma İlişkileri Kongresi Bildiriler Kitabı.

 

 

 

 

 

Etiketler:
YENİ FİKİR HABER
BAŞ YAZI / Mesut TUNA
Ulusalcıların Arakan çelişkisi…
YENİFİKİR HABER YAZARLARI
Mesut MEZKİT
Batı: Malazgirt’ten Bizans’ın intikamı alamayacak
Mehmet TURAN
Meral Akşener’in Yeni Parti Çalışmaları ve Aydın’daki Milliyetçi Taban…
Özkan ÖZKAYA
Brexit’ten sonra sırada Fraxit mi var?
Gönül ŞAHİN MEZKİT
Gönül İnsanı Olmak Zor
Davut TÜRKKAN
Türk Eğitim Sistemine Yeni Bir Yaklaşım
AKADEMİK MAKALELER / YENİFİKİR DERGİSİ
Ziraat Yük. Müh. Mesut MEZKİT
Bilgi Çağında Bilgisiz, İrfansız Ve Tefekkürsüz Bir Toplum İnşâ Etmek
Prof. Dr. Feyzullah EROĞLU
Göktürklerde Yönetim Düşüncesi
Yrd. Doç. Dr. İsa ÇELİK
Manisa Kentinde Tarihi Turizm
S.Faruk GÖNCÜOĞLU
Herkesin Bir Kapısı Vardır Ki, Bu Kapının da zili Çalınacaktır
Doç. Dr. Celaleddin SERİNKAN
DENİZLİ DERSHANECİLİK SEKTÖRÜNDE MİCHAEL PORTER’IN REKABET GÜÇLERİ ARAŞTIRMASI


Yeni fikir SAM
AYDIN AYDIN

Başa Dön