YENİ FİKİR HABER

ҮМҮТТҮН ТҮСҮ КӨК(Büşra Eryılmaz/Hikaye Dalında İkinci Olan Eser)

17-10-2017

                                               ҮМҮТТҮН ТҮСҮ КӨК

                                               ҮМҮТТҮН ТҮСҮ КӨК

Менин атым Зелда,бул менин аңгемемдин кыскача мазмуну.Мен али 6 жаштамын жана бүгүн менин туулган күнүм.Эми башка булардын мааниси жок.Бул жерде туулган күн тосулбайт экен,апам ошентти.Моюн сундум,каршы чыга алган жокмун анткени аныкы туура эле бул жер биздин үйүбүз эмес болчу.Кайсы үйдүн ичи жаман же болбосо ылай бар,кайсы үйдүн ичинде бир гана жатчу жер жана жууркан бар?Бул жер бир чатыр,биздин үйүбүз эмес болчу.Дагы эле түшүнө албай турам,бул жер кайсы жер,биз каяктабыз,эмне себептен үйүбүздү таштоого мажбур болдук,бул жерге эмнеге келдик эч бир нерсени түшүнө албайт элем.Апам бир гана көчүүгө мажбур болгонубузду,ата журтубузду,туулган жерибизди,өздүгүбүздү таштоого мажбур болгонубузду,эми бул чатырда бир канча мөөнөткө жашообуз керектигин айтты.Муну түшүнүү өтө кыйын,түшүнүүнү да каалабайм;мен бир гана туулган күнүмдү тосууну каалайм.Мындан мурунку туулган күнүмдү элес-булас эстейм,бир тортум бар эле жана тамы бар жылуу бир үйүм.Анан апамдын бир сөзүн эстегендей болдум,кокусунан оюма келип ичим титиреди.Апам акыркы түндө мага”нурунду жоготпо ал сенин жол көрсөткүчүн болот “деп айтты эле,кызык эмнеге бул нерсе оюма келип калды.Менин нурум жок эле го.Ал түн биздин акыркы түнүбуз эле,андан кийин байкемди дагы эч көрбөдүм.Аны сагындым окшойт.Атам болсо кеткенине көп болду эле,акыркы түнүбүздүн бир канча күн мурун биз менен коштошуп чыгып кеткен.Силерди коргоо үчүн деп айткан, кана эми атам кетпесе,жаныбызда болсо балким баары жакшы болот эле.Аларсыз өткөргөн биринчи туулган күнүм эле,балким акыркы эле.Бүгүн башка күндөрдөн айырмалуу эле себеби туулган күнүм эмес эле,башка бир сөз менен айта албаган бакыт бар эле ичимде .Бир айдан бери бул жерде элек,апам,мен жана кичинекей иним менен.Иним тынбай ыйлап мен башка чыдай албадым.Апам Хасанды тынчтандырууга аракет кылат бирок болбойт.Эмне болсо дагы Хасандын үнү бактылуулугума тоскоол боло албаган нерсе бар.Хасандын үнүн угуп каршыбыздагы чатырдан бир аял келди.Апам сүт чыкпай жатканын инимдин курсагы ач болгонун ошол себептен дагы ыйлаганын айтты.Ал аял “эки чатыр арыда бирөө төрөдү барып айт,сенин балаңа дагы бир-эки күн сүт берип турсун” деди.Өзү дагы кийин эмне болоорун билбейт болчу,бул жакта бирбирибизден башка эч кимибиз жок болчу.Үнүндөгү сууктук бар эле,жүзундө эч кандай үмүт көрбөдүм ичим муздай түштү.Көңүлум жаш көчөттөй сынды.Булар баарыбыздын көчөттөрүбүздүн үстүнө басып келип,баарыбызды кырып бир чекеге койду.Апамдын үнүнө чочудум:

-Зелда иниңдин жанында тур,мен эки мүнөттө келем.

Апа

-Эмне болду?

Апа курсагым ачты.

-Зелда эми сен баштаба,колуман  эч нерсе келбейт көрбөй жатасынбы?

Уктагым келет.Бул жерде уктасан бардык нерсе бат өтөт эле.Сонун бир түштүн таасири менен ойгондум.Эң жактырган түсүм көк,апам кыздардын түсү кызыл десе да болбой,көк түстү жактырдым.Көктүн ар тонуну,эң көп асман тонуну жактырчу элем,мына түшүмдө да ошол жактарда элем,асманда,мүмкүн болбогон жерде элем,ушул ичинде жашаган чатырдан чыгып мейкиндиктин чегинен сырткары жашоо сыяктуу мүмкүн эмес эле асманга жетүү.Эрте чоңоюуга мажбур болсок дагы кыялымда дагы эле бала элем,ошол себептен дагы бир баланын кыялындагы эң сонун бактылуулук асманга жетүү болсо керек.Булуттардын үстүндө секирдим,чуркадым,аябай бактылуу элем.Анан алыста бир шар көрдүм,ага карай чуркадым көк түстүү бир шар эле.Шар бир көгүчкөндүн оозунда эле шарды оозунан ташташын күттүм.Ал меники,биринчи мен таптым,меники болушун каалайм.Колумду сундум,алайын десем асманга учту.Меники деп кыйкырдым.

            Айласыздан моюн сундум,келген жериме карай жүрө баштадым.

Бат эле үмүтүңдү үзөсүн,бул жер асман,баары караган жер,баарыбыздыкы,бир асманды бөлүшүп атсак,анда бул  дүйнө  да баарыбыздыкы.Ар дайым баары бир нерсени өзүнүкү кылгысы келет,аныкы болбосо дагы меники дейт,сен аларга окшобо,чындыгында сеники болгон нерселерден башка нерсени меники деп айтпа.Башка бирөөлөр менен бар нерсени бөлүшүү күчүндү аркаңа карап кетүүдөн мурун көрсөт,үмүтүңдү үзүүдөн мурун күрөшө алышынды көрсөт.Бул дүйнөдө баарыбыз бир тууганбыз,душмандыкты бардык нерсе меники деп жатып өзүбүз кылдык.А бирок адамдар кичинекей бир бактылуулукта жашоонун даамын билгенде эле,бардык нерсеге меники дебейт болчу.Дүйнөдөгү бул согуштардын себеби дагы ушул,адамдар шар сунууну эмес би гана учурганды билишет.Учкан ар шар менен бир топ адамдар бактысыз болот,жеринен куулат,ачкачылык,кургактык боло баштайт.Инсандар дүйнөдө жашоону билишпейт Зелда,сен да чоңойосун чыныгы жашоону көрөсүн,бул чектин артындагы чындык сен ойлогондой оңой болбойт,биринчи сени  алышатал чектен өткөндөн кийин билбеген бир жерде чет жактык болосун,тилин,түсүң,тукумун башка деп сени кошпойт,акмак сыяктуу көрүшөт,бирок сен аларды көңүлүңө алба,башыңды бийик тутуп жүр.Эч үмүтүңдү үзбө,бир жерде сөзсүз нур жанат ал нурдун артынан бар.

Макул,муну бизге эмнеге кылышат?

Себеби көп,силер өз өлкөңөрдөн ажыроого мажбур болдуңар,анткени силерди мажбурлады,үйүңөрдү,көчөлөрүнөрдү жер менен бир кылды,силер тирүү калгандардансыңар силерди бул жака жайгаштырышты,убакыты келсе дагы өлкөңөргө киресиңер.Мына ошондо ал жердеги тартипти өзгөртөсүңөр.Силерди пайдалангысы келген адамдарды деп алмашкан ар системада силер күнөөлөнөсүңөр.Кээ бирөөлөр силердин күнөөңөр болбогонун билет,кээ бирөөлөр билбейт.Кээ бирөөлөр силерди колдойт,кээ бирөөлөр артын карап кетет,бул бардык нерсе “меники “деген уруштан силер жана алар ортодо каласыңар,күнөөсүз адамдар,баарынан дагы силер балдар кыйналат,сен үмүтүңдү үзбө.

Бирок бул чоң акыйкатсыздык,биз аларга эч нерсе кылбадык го.

Эгер аларга теңелсеңер Зелда,экономиканы жыгытат,бирөөлөрдүн планын ишке ашыруу үчүн силердин оор абалыңардан пайдаланат,нан табыш үчүн сааттап арзанга иштеп бирок муну силер каалаганыңар үчүн эмес,муктаждыктан кылып жатканыңарды эч ким түшүнбөйт.Бардык нерсеге силер күнөөлүү болосуңар,бул нерселерге көнөсүн,жыгылсан дагы кайра кайра турасын.

Мен бир гана үйгө кетүүнү каалайм.

Силер чоңоюуга мажбур болдуңар,бирок сен башкаларга окшобойсун унутпа.Сен жашооңду улантасын,окууңду дагы.Жолуңа кандай таш чыкса чыксын.Мени түшүндүңбү?Сөздөрүмдү унутпа Зелда,үмүт кылууну улант.Мага сөз бер.Сүйлөгөн сөзүнө аябай корксом дагы сөз бердим.”Сөз берем”.

Азаматсын,ал бул шарды.Мына эми шар сеники болду.Анан учуп кетти.Аркасынан кыйкырдым “рахмат” деп бирок укпады,кеткен эле.Сонун эле бактылуулукта коркпостон шар учуруу,шамалдын үнү менен күлкүлөрүмдүн жарышуусу.Эч бүтпөөсүн кааладым,бирок бүттү,ойгондум.Кайрадан уктагым келди кайрадан ошол түштү көргүм келди,ал жерде бактылуу элем,тилекке каршы чыныгы жашоо деген бир нерсе бар жана мен дагы анын ичинде жашап жатам,эптеп чатырдын ичинде эптемей турмуш өткөрүп жатам.Аты жок,балким айласыз чыныгы жашоонун адамдары таштап кетилген,жээкте бир бурчта калып эч бир жерге батырылалбай,окуялары дагы 3 так барак менен чектелип,ата журтуну таштоого мажбур болушкан,эч кимдин атыбызды билбеген бизге көчмөн деп айтылган адамдар,океандын ортосунда бир алакан чөл калган сыяктуу чыныгы жашоонун адамдары...Бирөө бизге сүйлөдүбү?Угууну дагы каалабайм.

Бул жер дагы бул жержин чыныгы жашоосу.

Чындыктарды жек көрөм түшүмө кайра кайткым келет.Канчалык ыйлаганымды да билбейм.Чарчасам керек кайра уктадым.Канча убакыт өттү билбейм бирок бир кыйкырык үнүн угуп ойгондум,жаткан жеримден ыргып турдум.Бул жерде качан бир кыйкырык уксаңар бирөө чыдай албай  өзүнү чатырга асыптыр же болбосо ооруп өлүптүр деп түшүнөсүңөр.Мен келген күндөн бери көп жолу буларды көрдүк,бирок ушул нерсеге кызыктым:Кайсы канкордун издери эле булар биздинби же алардынбы?Жоопту кандай болсо дагы тапкым келди.Бул жолу чатырдан чыкпадым анткени билбейт элем жана көргүм келбеди.

Апам чуркап чатырга келди.

-Зелда чурка деп кыйкырды.

Карап туруп калдым,эмне кылаарымды каалап жатат эле апам,мен эмнеге көрүшүм керек эле.Дагы эле турган жеримдемин,аны көрүп колумдан кармап чатырдан чыгарды мени,баары бир жерге чуркап баратты эле колдору дагы толо ак кутуча бар эле,үстүндө эмне жазылганын окуй албадым,бирок жакшы нерсе болгону белгилүү эле,анткени жүздөрү күлүп жатты эле.Апам колумдан кармап тез-тез жүрө баштады,эмне болгонун түшүнбөй турсам алдымдан бир жүк ташуучу машина чыкты,чоң эле жана ичиндеки кишилер адамдарга бир нерселер берип жатты эле.Ал убак бизге жардам келгенин түшүндүм,чын эле көгүчкөн айткандай ичинде жакшы адамдар дагы бар эле бул чыныгы жашоодо.Кубанычтан асманга көтөрүлдүм жана адамдардын арасына бардым.Кыйын болду бирок алардын алдына чыктым.Чоң кишилерден бири менен тиктештик мага күлүмсүрөдү”тентек десе сени,атың ким эле сенин?”,Зелда.Башымды сылады,кандай сонун чачын бар.Чачымды апам 3 күн мурун кести,мындан да узун эле,азыр кандай абалдамын билбейм,кескен күнү ыйлаганым эсимде жана мага муну айтканына кубандым.”Катарды буздун”деди жана күлүмсүрөдү”кабатыр алба,баарыңарга жетет иншаллах,ал муну бул сеники”деди жана бир куту сунду алгым келбеди.

-Эмнеге албай жатасын?

Неме...

Неме,бир шар алгым келип жатат,бүгүн менин туулган күнүм,шап учургум келип жатат.

-Балдар үчүн бир канча оюнчуктар дагы берилди,бирок ичинде шар барбы билбейм.Карайынбы мен?

Ооба.Үмүт кылгым келет эмне болсо дагы.Бир четке чыктым жана күтө баштадым.3 мүнөттөн кийин жаныма келди “таарынба,ичинде шар жок экен деди”Көгүчкөн мени алдаптыр,мага калп сүйлөптүр үмүт деген нерсе жок эле,чуркай баштадым чатырга келгенимде ыйлаганымдан чарчап калыпмын.Бул жерде бир гана кыйкырыктар болот бирок бүгүнкү сүйүнүчтөн эле,бир гана мен сүйүнө албадым.Бул жерде адамдар көп сүйлөбөйт досторум дагы көп эмес,мүмкүн адамдарын сүйлөшө турган дагы дос боло турган да абалы жок,мен да ошол себептен жазып жатам,сөздөрүмдү түгөтпөө үчүн жазып жатам.Акыркы 3 барак кагазыма тирсегим чиригенге чейин жазам.Ушул чоң турмушубузду 3 барак кагазга батырам жана бүгүнкү күндү эч унутпайм.Бул жерде ыйлар деңизге аралашат,тоого-ташка барат,кийин сөз болуп учуп кетет.Журөгүмдүн түпкүрүнө чейин эмне болсо түгөнгөнчө жазам,бул менин окуямдын мазмуну болот бир күн башка бирөөлөр окуйт.

Кайрадан окудум жана бул жолу ойгонгонумда эртеси күн болду эле.Апам курсагыбызды тойгозду.Аябай жакшы болду.Чатырдын сыртына басканы чыктым жана жүрө баштадым.Алыстан бир жүк ташуучу машина көрүндү,ичимде бир бактылуулук бар эле,чуркай баштадым,чуркадым.Жүк ташуучу машина токтоду жана ичинен кишилер түштү.Кечээ чачымды сылаган байкени көрдүм жаныма келди.

-Кандайсын Зелда,кара сага эмне алып келдим.

Колунда эч нерсе жок эле эмне алып келди экен,кызык.Жүк ташуучу машинанын аркасына өттү жана бир топ шар чыгарды,кубанычтан асманга учтум,баарын алдым,кучактадым жана кайра чуркай баштадым.Түш сыяктуу эле бардык нерсе.Кубанычтан шарларды учурдум.Азыр бардык нерсени жакшыраак түшүндүм нурумду жоготподум.Бир ылай баткактан ал жерде токтодум.Кечээ менин туулган күнүм эле жана мен дагы ал шамды өчүрөт элем.Үч беш тал чыбыгын таптым,анан бир таштын үстүнө ылайдан бир торт жасадым;жасалгаладым,шамдарды койдум жана тортум даяр болду.Бир гана тилек айтканы акым бар эле;эң чоң тилегимди айтат элем.”Үмүттүн түсү көк болсун,куштарга дагы менден салам болсун”Туулган күнүң кутту болсун Зелда.

 

 

Etiketler:
YENİ FİKİR HABER
BAŞ YAZI / Mesut TUNA
İdareci mütevâzi olursa millî ve yerlidir
YENİFİKİR HABER YAZARLARI
Mesut MEZKİT
İslam Adâletinin Kalpleri Fethi
Mehmet TURAN
Türkçülük, Millî ve Milliyetçi olursa yerlidir
Gönül ŞAHİN MEZKİT
Gönül İnsanı Olmak Zor
Davut TÜRKKAN
Türk Eğitim Sistemine Yeni Bir Yaklaşım
AKADEMİK MAKALELER / YENİFİKİR DERGİSİ
Ziraat Yük. Müh. Mesut MEZKİT
Bilgi Çağında Bilgisiz, İrfansız Ve Tefekkürsüz Bir Toplum İnşâ Etmek
Prof. Dr. Feyzullah EROĞLU
Göktürklerde Yönetim Düşüncesi
Yrd. Doç. Dr. İsa ÇELİK
Manisa Kentinde Tarihi Turizm
S.Faruk GÖNCÜOĞLU
Herkesin Bir Kapısı Vardır Ki, Bu Kapının da zili Çalınacaktır
Doç. Dr. Celaleddin SERİNKAN
DENİZLİ DERSHANECİLİK SEKTÖRÜNDE MİCHAEL PORTER’IN REKABET GÜÇLERİ ARAŞTIRMASI


Yeni fikir SAM
AYDIN AYDIN

Başa Dön